Биз менен байланышыңыз

Милиция Академиясын 118 курсант аяктап, дипломдуу болушту

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 645 | 0

Бүгүн Ички иштер министрлигинин алдындагы генерал-майор Эргеш Алиев атындагы Академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Быйыл, ИИМдин Академиясын 118 курсант аяктап, диплом жана лейтенант наамын алышты. Бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 15и кыз. Ал эми үчөө артыкчылык диплому менен аяктады.

Жыйынга катышкан ИИМ министри Кашкар Жунушалиев бүтүрүүчүлөрдү алдыда Кыргызстандын милициясынын эртеңки күнүн жана наамын аныктоо, укук коргоо органдарынын эң жакшы салттарын сактоо жана өнүктүрүү маселелери күтүп турганын белгиледи.

«Ар бириңердин ушул жогорку жоопкерчиликти сезериңерге ишенем. Дипломго ээ болгон адис катары ички иштер органдарында кызматыңыздарды улантуу менен, абийириңер жана ар-намысыңарды, аны менен бирге ички иштер органдарынын кызматкери, ИИМдин Академиясынын бүтүрүүчүсү жогорку наамын көтөрөсүңөр. Антыңарды, алдыңардагы милдеттерди аткарууга так болгула жана силердин кесиптик ишмердүүлүгүңөрдүн баалануусунун башкы критерийи болуп – жарандардын алдындагы авторитет жана алардын сыйлоосу, ишеними», — деди министр Кашкар Жунушалиев.

Салтанаттуу иш-чарага министр Кашкар Жунушалиев ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана өздүк курамы, генералдар, Академиянын ардагерлери, Эргеш Алиев фондунун өкүлдөрү жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, туугандары жана достору катышышты.

Copyright © 2017 Maral FM