Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Кайгуул милициясына талапкерлерди алуу уланууда

Кыска кабар | 25 мая 2019 | 616 | 0

Ушул жылдын 6-майынан 6-июнуна чейин Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызматы башкармалыгына кызматкерлерди алуу боюнча ачык сынак өтүүдө. Бул  тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сынакка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен сырткары, катардагы жарандар да катыша алат. Сынакты өткөрүүнүн шарттары бардык катышуучулар үчүн бирдей болуп саналат.

Биринчи этапта сабаттуулук боюнча тесттен өтүшөт. Жетиштүү упай алгандар аскердик-врачтык комиссиянын кароосунан өтүп, андан соң физикалык даярдык боюнча экзамен беришет. Сынактын акыркы этабында аңгемелешүү орун алат.

Сынактан ийгиликтүү өткөндөр ИИМдин Академиясынын базасында 3 айлык окутуу курстарына жөнөтүлөт. Курсту аяктагандан кийин экзамен тапшырып, милициянын Кайгуул кызматы башкармалыгына кызмат өтөө үчүн келишим түзүлөт.

Жаңы милициянын кайгуул кызматынын орду офицердик жана катардагы кызмат болуп бөлүнөт.

Патрулдук милициянын милдетине коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кирет.

Эске салсак, Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул кызматы башкармалыгы азыркы милициянын Кайгуул күзөт кызматы менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын ордуна түзүлүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM