Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Кайгуул милициясы кызматына талапкерлер тестирлөөдөн өтүшөт

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 721 | 0

17-июнда Ички иштер министрлигинин Кайгуул милициясы кызматына талапкерлер тестирлөө сынагынан өтүшөт. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Тестирлөө сынагы Бишкек шаарындагы Чокан Валиханов көчөсү 1а/1 дарегинде жайгашкан ИИМ Академиясында жүргүзүлөт.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы сынакка катышууну каалагандарга тестирлөө үчүн алдын ала «ДЕМИР БАНК» ЖЧК 1180000058426340 эсебине 200 (эки жүз) сом төлөөгө тийиш экенин, ошондой эле, сынак күнү паспортун же өздүгүн аныктаган күбөлүгүн жана ЖРТ тест үчүн төлөмдүн дүмүрчөгүн ала келиши керектигин эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM