Биз менен байланышыңыз

Президент мыкты бүтүрүүчүлөрдүн 57 пайызы аймактардан экенине кубанганын айтты

Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 667 | 0

Президент мыкты бүтүрүүчүлөрдүн көбү аймактардан экенине кубанганын, ошол эле учурда жетиштүү упай ала албаган бүтүрүүчүлөр да көп экенине өкүнгөнүн билдирди.

Бул тууралуу бүгүн өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификат» тапшыруу аземинде сөз сүйлөп жатып айтты.

«Быйылкы жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдө «Алтын сертификат» жана эң жогорку упай алгандардын 57 пайызы аймактардын бүтүрүүчүлөрү экенин канааттануу менен белгилейм.

Жалпы республикалык тестирлөө — бүтүрүүчүнүн билимин баалоо менен бирге, анын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө да мүмкүндүк түзөт.

Экинчи жагынан, тестирлөөнүн жыйынтыктары аркылуу билим берүү системасынын ишмердигин баалоого болот.

Тилекке каршы, бүтүрүүчүлөрдүн 38 пайызы жогорку окуу жайына өтүүгө зарыл болгон босогонун деңгээлинен өтпөй калышты», — дейт мамлекет башчысы.

Президент Кыргызстан — жогорку окуу жайга өтүүнү каалаган бүтүрүүчүлөргө тестирлөөнү көз карандысыз мамлекеттик уюм аркылуу жүргүзгөн Евразиядагы биринчи өлкө экенин айтты. Ошондой эле, өлкөбүздүн билим берүү системасын каржылоо деңгээли — ички дүң өндүрүмдүн 6 пайызын түзгөнүн, бул прогрессивдүү билим берүү системасы бар Финляндия, Малайзия, Франция, Эстония мамлекеттеринин деңгээлинде болгонун маалымдады.

Муну менен катар, эмгек менен Кыргызстанды өнүккөн өлкөгө айландырууга чакырды.

«Биз акылыбыз жана талыкпаган эмгегибиз менен татынакай жана берекелүү өлкөбүздү туруктуулуктун, эркиндиктин жана гүлдөп-өнүгүүнүн аймагына айлантышыбыз керек. Бул үчүн бизге жаратмандык рухуна сугарылган, алдына так максат коюп, ага жете билген билимдүү жана демилгелүү адамдар керек.

Силер — көз карандысыз демократиялык мамлекетте жашаган  жаңы муундун өкүлүсүңөр», — деди мамлекет башчысы.

Copyright © 2017 Maral FM