Биз менен байланышыңыз

«Сапаттын» мүлкү Маарифке» берилеби? (Министрликтин жообу)

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Мар 2019 | 1151 | 0

«Сапат» билим берүү мекемелеринин мүлкүн тартып алып, «Маарифке» өткөрүп берүү боюнча эч кандай сөз да, саясат да жок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Сапат» өз калыбында иштей берет.

Министрлик «Сапаттын» билим берүү программасына, окуу-тарбия процессине көзөмөл кылып турат.

«Билим берүү министрлиги «Сапат» боюнча бир канча жолу маек берип келе жатабыз. «Сапат» — өлкөдө өзгөчө форматтагы билим берүү мекемелеринин бири. Кыргызстандын билим берүү саясаты мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик, мамлекеттик-жеке менчик өңдүү өнөктөштүктөгү ар кандай форматтагы уюмдардын көбүрөөк болушун каалайт. Бул атаандаштыкка, билим сапатын жогорулатууга жакшы шарт түзөт. Эң негизгиcи, «Сапат» биздин баалуулуктарды сактап окутууда. Сапатта да биздин эле мугалимдер иштеп, биздин окуучулар билим алат», — дейт Жусупбекова.

Copyright © 2017 Maral FM