Биз менен байланышыңыз

Түркиянын «Маариф» фонду Бишкекте алгачкы мектебин ачат

Кыска кабар | 31 Янв 2021 | 1134 | 0

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев Борбордук Азиядагы «Маариф» фондунун директору Хүснү Биржан менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда «Маариф» фондунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу сүйлөшүлдү.

Фонд биздин өлкөдөгү ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри жана Түркиянын «Маариф» фондунун башкы директору 2020-жылдын 10-ноябрында Анкара шаарында кол койгон «Кыргызстанда жеке менчик билим берүү уюмдарын ачуу жана иштетүү жөнүндө» макулдашуунун алкагында жүргүзүп келет.

Түрк тараптын өкүлү билдиргендей, жаңы окуу жылында Кыргызстанда «Маарифтин» алгачкы жалпы билим берүү мектебин ачуу үчүн фонд тарабынан бардык керектүү иштер жасалып жатат.

Мамлекеттик стандартка ылайык, Бишкекте окутуу кыргыз тилинде да жүргүзүлө турган мектептин ачылышы пландалууда. Окуучулар үчүн да, мугалимдер үчүн да бардык шарттар түзүлөт. Макулдашуунун шарттарына ылайык, мугалимдердин басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары болмокчу.

Министрдин милдетин аткаруучу фонддун ишине ийгилик каалап, ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Тараптар мындай мектептин ачылышы билим берүү тармагындагы кыргыз-түрк мамилелеринин дагы да бекемделишине зор салым кошот деген пикирин билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM