Биз менен байланышыңыз

«Акылтай» мектебинде «робото техник» сабагы киргизилген

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Фев 2019 | 1113 | 0

«Акылтай» башталгыч мектебинде 5-6-класстарга «робото техник» сабагы кирет. Бул тууралуу аталган мектептин директору Эмиль Рыскулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, башында аталган сабакты киргизүүдө кооптонуулар болгон. Бирок класстын ичинде 20 бала болсо, анын баары робот курууга кызыгат. 45 мүнөттө роботту курууга жетишишет.

-Негизи эле колдун учтарынын кыймылдоосу психология жактан абдан пайдалуу. Балдар роботту кургандан кийин ичине чип жасалып, программа түзүлөт. Анын баарын окуучулар өздөрү түзөт. Программага роботтун оңго, солго жылуусу сыяктуу аракеттер киргизилет. Роботту 10-15- мүнөттүн ичинде курушуп, сабакта бири-бириники менен жарыштырышат. Бул сабакты балдар тез кабыл алганы таң калтырды. Кийинки жылдардан баштап 2-3-4-класстарга дагы робот жасоо боюнча сабактын оңой түрү киргизилет. Башкача айтканда, физика, математикага жана IT тармагына кызыктыра турган кружоктор болот.

Эмиль Рыскулов кошумчалагандай, Бишкекте «Сапат» билим берүү мекемелесинде Чыңгыз Айтматов жана «Айчүрөк» лицейиндеги окуучуларга IT боюнча дүйнөлүк сертификат берилет. Ал сертификатты АКШ жана Сингапурдан алса болот. Аталган лицейлерде IT боюнча онлайн сабак алууга укук бар. Бул сертификатты 9-10-11-класттын окуучулары алат. Мектепти бүткөн балдар деле келип тапшырып, сертификат алууга болот. Ошол сертификатка ээ болгондор чет өлкөгө барып, IT тармагына жумушка орношо алат.

Copyright © 2017 Maral FM