Биз менен байланышыңыз

«Окуучулар мектепте баш кийимдин 5 түрүн кийе алышат»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Янв 2021 | 6769 | 1

Мектептерде окуучулар үчүн баш кийимдин 5 түрүн кийүүгө уруксат берилген. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мектеп окуучуларынын формасына карата 2015-жылдын 12-августунда Өкмөт тарабынан бекитилген бирдиктүү талаптарына ылайык, окуучулар баш кийимдин 5 түрүн кийе алышат. Алар: калпак, жоолук, ободок, повязка жана бандана.

«Жоолук дешсе эле түшүнүк башкача болуп жатат. Кыргыздын тарыхына кайрылгыла. Баары өзгөрүп жатат, бүгүнкү талап башка. Кандай динге ишенбе, өзүңдү таза алып жүр… Намаз окугандар көп, алар эч кимге билдирбей эле окуп коюп, кызматка келип жатышат. Мектеп окуучусу 5 форманын ичинен каалаганын тандайт, эң негизгиси — тазалык», — дейт Үсөналиев.

Ал белгилегендей, окуучулар сабактан кийин кандай баш кийим кийишет, өз эрки.

«Урматтуу ата-энелер, окуучуну мектепке жиберип жатканда: «Баламды эмне үчүн орто мектепке берип жатам?» — деп ойлонуу керек. Максат бир эле болушу керек, ал — билим алуу. Дин жаман эмес, ал да — маданият. Ата-эне баласынын диний билим алышын кааласа, башынан эле медресеге бериши керек. Ислам университеттери бар. Анда ошол багытты тандашы зарыл», — дейт Үсөналиев.

Министрлик: Мектептерде жоолук салууга чектөө жок

1 пикир

1 пикир

  1. Талантбек

    30.01.2021 11:01

    Билим берүү башкамалыгынын башчысы Марат Үсөналиевдин «Ата-эне баласынын диний билим алышын кааласа, башынан эле медресеге бериши керек. Ислам университеттери бар. Анда ошол багытты тандашы зарыл» — деп айтканы акылга сыйбайт. Ал өзү жашап жаткан өлкөнүн мыйзамын билбейби? Мектептерге окутпай, башынан эле медресеге бергенге кайсыл мыйзам жол берет экен? Кыргызстандын мыйзамы боюнча медреселер орто мектептин бүтүрүүчүлөрүн гана окууга кабыл алат.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM