Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Мектептерде жоолук салууга чектөө жок

Кыска кабар | 26 Янв 2021 | 3368 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Билим берүү жана илим министрлиги Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен биргеликте жалпы билим берүүчү уюмдарда жоолук салынууга чектөө жок экенин билдирди.

«Билим берүү уюмдарынын кызматкерлери өздөрүнүн түздөн-түз милдети болгон, сапаттуу билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө басым жасашы керек», — деп айтылат маалыматта.

Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, Конституцияга жана «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, жарандар жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлк абалына, ден соолугуна, ишинин түрүнө жана мүнөзүнө, дин тутуусуна, саясий, диний ынанымдарына, жашаган жерине жана дагы башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу.

Мындан тышкары өкмөт 2015-жылдын 12-августунда мектеп окуучуларынын формасына карата бирдиктүү талаптарды бекиткен.

Аларга ылайык:

  • эркек балдар үчүн мектеп формасы ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджак болот. Ал эми кыздар үчүн классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджактан турат;
  • окуучулардын кийиминин жалпы көрүнүшү, өңү, фасону кийимдин классикалык стилинде болууга тийиш, ал эми сырткы көрүнүшү тыкан болушу керек;
  • спорттук кийим, жынсы, пляждагы, үйдөгү кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт.

Өкмөттүн чечиминде баш кийим боюнча эч кандай чектөө каралган эмес.

Министрлик быйыл пандемия шартында ата-энелердин финансылык абалын эске алып, жыл аягына чейин милдеттүү форманы талап кылбайт.

Copyright © 2017 Maral FM