Биз менен байланышыңыз

Быйыл Кыргызстанда ЕККУнун Борбор Азия медиа конференциясы өтөт

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 435 | 0

14-февралда ЕККУнун туруктуу өкүлү Бакыт Жусупов ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир менен жолугуп,  Кыргызстандагы сөз эркиндигин өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы позитивдүү деп бааланган сөз эркиндигинин жана массалык маалымат каражаттарынын ѳнүгүүсү тууралуу кеп салышты.

Мындан тышкары, 2019-жылы Кыргызстанда ѳтѳ турган ЕККУнун Борбор Азия медиа конференциясынын пландарын кеңири талкуулашты.

Бакыт Джусупов Өкмөт өлкөдөгү сөз эркиндигин бекемдөөгө зор маани берээрин жана мындан ары да ЕККУнун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлдѳрү менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM