Биз менен байланышыңыз

Индиядагы жардыруудан 45 киши каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 1066 | 0

Индиянын Кашмир шаарындагы жардыруудан 45 киши мерт болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматына таянып IANS агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, аскерлерди ташып бараткан унаага кол салуу болуп, бир унаадагы 44 аскер жана башка унаадан бир адам каза болду. Мындан сырткары 38 киши ар түрдүү даражадагы жаракаттарды алышты.

Кылмышты аймакта ишмердүүлүгүн жүргүзгөн «Жайшуль Мухаммед» террордук тобу жасаганы маалым болду.

Аталган топ Кашмирдин Индиядан бөлүнүп, коңшу Пакистанга кошулуусу үчүн күрөш жүргүзүп келет. Ошондуктан аймакта Индия менен Пакистанды бөлүп турган чек ара белгиленген эмес. Аны эки тараптын аскерлери гана коруп турушат.

Кошумчаласак, бүгүн Индия өкмөтү Пакистанды кызматташуу үчүн коопсуз өлкөлөрдүн катарынан чыгарды.

 

Copyright © 2017 Maral FM