Биз менен байланышыңыз

Өткөн жылы 80 билим берүү мекеме курулду

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 806 | 0

Кыргызстанда 2018-жылы 80 билим берүү мекемеси курулган. Бул тууралуу өкмөттүн кезектеги жыйынында экономика министри Олег Панкратов маалымдады.

Анын айтымында, алардын ичинен 49 мектеп, 25 спортзал, 4 бала бакча жана 2 билим берүү объектиси.

-Азыркы учурда өлкө боюнча 84 пайыздан ашык мектеп интернетке кошулган. Кыргызстандагы бардык мектептерди интернетке кошуу боюнча иштер жүрүүдө.

Айта кетсек, учурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында өкмөттүн кезектеги жыйыны өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM