Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Экономика 4 пайызга өсөт

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 705 | 0

2019-жылы Кыргызстандын экономикасы 4 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу өкмөттүн 15-февралдагы жалпы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

-Үстүбүздөгү жылы экономикада позитивдүү жыл болот. Мындай бааны Эл аралык финансылык уюмдар дагы бере баштады.

Ошондой эле экономикада Кумтөрдүн таасирин максималдуу түрдө азайтуу иш аракеттер жүрүп жатканын кошумчалайт.

Эске салсак, 2018-жылы ички дүң өнүмдүн көрсөткүчү 2017- жылга салыштырганда төмөн болду.Тагыраагы, 2017-жылы жалпы экономикада 4 пайыздан көбүрөөк өсүш болсо, өткөн жылы 3 пайызга гана жеткен.

 

Copyright © 2017 Maral FM