31-декабрдан 2-январга чейин өлкө аймагында 15 миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздук камсыздоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Уран Шамбетов айтты.
Милициянын атайын топтору түнкүсүн коомдук жайлардагы тартипти жөнгө салууга жана мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган. Техникалар текшерүүдөн өтүп, азыркы учурда даяр экени маалымдалды.
Өлкө боюнча коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн 40 миңден ашуун видеокөзөмөл орнотулган.