Биз менен байланышыңыз

Трамп АКШда өзгөчө кырдаал жарыялайт

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 586 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыялайт. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык Трамп мындай кадамга Мексика менен чектешкен түштүк чек арага дубал өрүү үчүн парламент каражат бөлбөй койгон соң барууда.

Ал муну менен бирге буга чейин ушул аптада парламенттеги демократтар менен республикачылар чек ара коопсуздугу боюнча жетишкен макулдашууга да кол коёрун билдирген.

Эми өзгөчө кырдаал кирсе, анын президентке берген ыйгарым укуктарын пайдаланып коопсуздук тармагына бөлүнчү бюджеттен дубалга каражат бөлүп берери күтүлүүдө.

Эске салсак, Трамп президенттикке талапкер кезинен бери убадалап келе жаткан дубалын курууга парламент каражат бөлбөгөн үчүн 2019-жылдын бюджети бекитилбей, өкмөт каражаттын жоктугунан 35 күн иштебей турду. 25-январдан 15-февралга чейин кайрадан ишке чыккан өкмөт бул аралыкта оң чечимге келе алышпаса кайрадан «шатдаун» башталарын эскерткен. Президенттин айтымында, чек арадагы мыйзамсыз миграция жана манзат агымын дубал менен гана тосууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM