Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев ЕРӨБтин Борбор Азия боюнча башкаруучу директору менен жолугушту

Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 595 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча башкаруучу директору Бруно Балванеро менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматынан маалымдашты.

Мухаммедкалый Абылгазиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Бизнес-омбудсмен институтун түзүү жана Өкмөткө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү Кеңешинин ишмердигине көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ЕРӨБ тарабынан көрсөтүлүп жаткан көмөк өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасирин тийгизээрин баса белгиледи.

Өз кезегинде Бруно Балванеро өлкөдөгү Бизнес-омбудсмен институтун өнүктүрүүгө, инвестициялык абалды жакшыртуу үчүн реформа жүргүзүүгө колдоого көрсөтүүгө, чакан шаарлардын инфраструктуралык кызматтарын бекемдөөгө, жеке ишканаларды өнүктүрүүгө жана финансылык секторду күчтөндүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун аягында ири инвестициялык долбоорлорду даярдоо ЕРӨБти тартуу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, ЕРӨБ өлкөдө ишин баштагандан бери 176 долбоорду ишке ашырган.

Copyright © 2017 Maral FM