Биз менен байланышыңыз

Кыргыз паспорту КМШда эң коопсуз жана заманбап болот

Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 549 | 0

Кыргызстандын паспорту технологиялык татаалдыгы жагынан Евробиримдиктин өлкөлөрү менен бирдей катарда турмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда өткөн маалымат жыйында «Гарсу Пасаулис» компаниясынын башкы жетекчисинин кеңешчиси Витаутас Меляускас билдирди.

«Гарсу Пасаулис» компаниясы тарабынан жасала турган электрондук паспортторго электрондук чип жана ээси тууралуу маалыматтарды камтыган баракча киргизилет. Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө туура келе тургандай болуп чыгарылат.

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң коопсуз жана заманбап паспортко ээ болот.

Эске салсак, «Гарсу Пасаулис» Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жарыяланган тендерден утуп алган компания. Аталган компания ошондой эле 2012-жылдан бери Кыргызстанга акциздик маркаларды чыгарып келет.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM