Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу талабын койду

Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 524 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-февралда Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Гүлмира Кудайбердиеванын маалыматы боюнча оптимизациянын натыйжасында мектептердин алдында 7 358 бала окуган мектепке чейинки 100 билим берүү мекемелери ачылган. 2018-жылы 10 миң баланы камтыган 120 бала бакча ачылган.

Гүлмира Кудайбердиева 2148 мамлекеттик жана муниципалдык мектептер долбоордук кубаттуулугу боюнча 813 миң орунга ылайыкталганын маалымдады. Учурда аларда 1222,7 миң окуучу билим алат, же болбосо 410 миң бала белгиленген өлчөмдөн көп. Шаарларда окуучулардын санынын жогорулашы 25% түзсө, айыл жеринде 14% жетти.

Кыргызстанда акыркы 5 жылда 282 мектеп курулган. 2017-2018-окуу жылында жаңы 26 мектеп ишке кирген. Республика боюнча 200 жаңы мектепке муктаждык бар.

Мамлекет башчы комплектелбеген баштапкы адистик-техникалык уюмдардын базасында мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн кесипкөйлүк жана маалыматтык-коммуникациялык жөндөмүн  өнүктүрүү үчүн «жаңы жогорку мектепти» түзүү керектигин айтты.

Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында так илимдер-математикалык багыттагы мектептердин тармагы өнүгүшү зарылдыгын белгиледи.

Президент ошондой эле акыркы мезгилде басмаканадан чыккан окуу китептеринин сапатынын төмөндүгүнө көңүл буруп, окуу китептерин басып чыгарууда  коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун аягында Сооронбай Жээнбеков жогорку окуу жайлардагы коррупцияга каршы күрөшүү жана өлкөнүн болочок адистерин даярдоо сапатын жогорулатуу талабын койду.

Copyright © 2017 Maral FM