Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жашылдандыруу жумуштары башталды

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Фев 2019 | 681 | 0

Бишкек шаарында жашылдандыруу жумуштары башталды. Бул тууралуу Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Ырысалы Жаналиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын маалыматында, учурда бак тигүүчү орундар камдалууда. Жолдорду кеңейтүү боюнча ошол жерлердеги бактарды алуу же албоо боюнча суроонун үстүндө иштеп жатышат.

-Учурда жазда тигилүүчү көчөттөрдү камдап жатабыз. Ошондой эле бир жылдык көчөттөрдү тигүү менен алекпиз. Андан сырткары көк майсаңдарды калыбына келтирүү жумуштары башталды. Бүгүнкү күндө аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу иштер бир аз басаңдап калды. Аба ырайы жылыса эле гүлдөрдү отургузуп баштайбыз.

Кошумчалай кетсек, быйыл Бишкек шаарында 4 миң бак даракты кыюу пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM