Биз менен байланышыңыз

Өкмөт мугалимдердин айлыгын жогорулатуу жолдорун карайт

Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 580 | 0

Мугалимдердин айлык акысын жогорулатуунун жаңы механизмдерин киргизүү мүмкүндүгү иликтенүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиялык жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өкмөт бул маселенин үстүндө иштеп жатат. Министрликтин алдында тиешелүү жумушчу топ түзүлгөн, ал ар түрдүү, анын ичинде эмгек акы фондун 20% чейин өбөлгөлөө боюнча варианттарды караштырат. Айлык акыны жогорулатуу мугалимдерге билим берүүнүн сапатын жогорулатууга мотивациялоого тийиш.

Муну менен бирге ал мектепке чейинки билим берүүнүн альтернативдик окутуу формаларын издөөнү, китепканалардын базасында эрте курактан өнүктүрүү борборлорун өркүндөтүүнү, базистик окуу программаларын жакшыртуунун жана педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын туруктуу жогорулатуунун үстүндө иштөөнү тапшырды.

Мындан тышкары вице-премьер-министр белгилегендей, шаарлардын жана райондордун мектептерге муктаждыгын аныктоо боюнча иштерди күчтөндүрүү зарыл жана өлкөнүн бардык мектептерин Интернетке кошуу боюнча иштер аяктай турганын кошумчалады.

Бир катар тапшырмалар жогорку билим берүү тутумундагы кадамдарды кайра карап чыгууга тийиштүү болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM