Биз менен байланышыңыз

ЖЭБ боюнча аудиттин жыйынтыгы чыкты

Кыска кабар | 14 Фев 2019 | 594 | 0

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо алкагында кытайдын ТВЕА компаниясы тарабынан берилген 20 млн 300 миӊ өлчөмүндөгү гранттык каражат өз багытында жана натыйжалуу пайдаланылган эмес. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кара-Кече жылуулук-электр станциясынын техникалык-экономикалык негизмемесин иштеп чыгуу үчүн каралган 3 млн доллар иштетилген эмес. Башкача айтканда, аталган документ ушул кезге чейин даярдалган жок. Эки жаӊы мектепти курууга бөлүнгөн 2 млн долларга Бишкек шаарында 1 мектеп курулган. Курулуш баасы өтө жогорулатылганы аныкталды. Трансформаторлорду сатып алууга 9 млн доллар каралса, текшере келгенде, ал 3 млн долларды гана түздү.

Марипов Бишкек ЖЭБин модернизациялоо алкагында жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча документтер укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

Андан тышкары, гранттык каражаттын 1 млн долларына кабель, 300 миӊ долларына «Улуттук электр станциялары» жана «Электр станцияларына» эмеректер сатылып алынганы белгилүү болду. Ал эми Бишкек ЖЭБинде иштеген 20 адамды окутуу үчүн 3 млн доллар каражаттын бөлүнүшү да шек жаратпай койбойт.

Copyright © 2017 Maral FM