Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө үрөн менен жер семирткич жетиштүү

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Фев 2019 | 629 | 0

Учурда жазгы талаа жумуштарына үрөн менен жер семирткич жетиштүү. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, каражаты бар дыйкандар алдын ала эле үрөн менен жер семирткичтерди алып коюуда. Жер семирткичтин бир киллограммынын баасы 16 сом 50 тыйын болуп жатат. Бул баа арзан. Жаз келгенде баа кымбаттай түшөт. Ошондуктан азыртадан эле жер семирткич, үрөн, күйүүчү майды камдап алуу зарыл.

Мындан улам дыйкандарды каражат менен камсыздоо максатында «Айыл чарбасын каржылоо-7» долбоорун эрте кабыл алынганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM