Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: Айлыктын жогорулашы мугалимдерди сапаттуу иштөөгө мотивация берет

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 569 | 0

Кыргызстандын 2012-2020-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын ишке ашырылышы жыйынтыкталганы турат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиялык жыйынында билдирди.

Алтынай Өмүрбекова кошумчалагандай, Премьер-министрдин ташырмасына ылайык, өлкөдөгү мугалимдердин айлык акысын жогорулатуунун жаңы механизмдерин киргизүү мүмкүндүгү иликтенүүдө.

« Өкмөт бул маселенин үстүндө иштеп жатканын белгилей кетүү зарыл. Министрликтин алдында тиешелүү жумушчу топ түзүлгөн, ал ар түрдүү, анын ичинде эмгек акы фондун 20% чейин өбөлгөлөө боюнча варианттарды караштырат. Айлык акыны жогорулатуу мугалимдерге билим берүүнүн сапатын жогорулатууга мотивациялоого тийиш», — деди Өмүрбекова.

Ошондой эле 5-6-класстын окуучулары үчүн сапатсыз окуу китептерин басып чыгаруу жагдайынын кайталанбашы үчүн китеп басып чыгаруу процессин кайра карап чыгууну тапшырды.

Аны менен бирге мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдик билим берүү принциптерин активдүү киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан сырткары мамлекеттик ЖОЖдорго илимий ишмердүүлүк менен алектенген окутуучуларды кесипкөйлүк мотивациялоо тутумун түзүүнү, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жакшыртууну тапшырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM