Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору иштен алынды

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 659 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбековду кызматынан бошотту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча иш-чаралар планынын аткарылбагандыгы үчүн Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбековду кызматынан бошотуп, Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимовго эскертүү берди.

Өкмөт башчы эскерткендей, жыл сайын 49 млрд сомдон ашуун каражат мамлекеттик органдардын, бюджеттик түзүмдөрдүн жана мамлекеттик компаниялардын муктаждыктарына жумшалат, анын 79%га жакыны импорттолгон болуп саналат.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы Финансы жана Экономика министрлигинин ишине канааттандырарлык эмес деген баа берди.

Ошондой эле Финансы министрлигине 2019-жылдын 1-мартына чейин товарлардын электрондук каталогунун веб-порталынын жобосун иштеп чыгууну жыйынтыктоону тапшырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM