Биз менен байланышыңыз

Мадуро: АКШны Ку-клукс-клан башкарат

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 606 | 0

«Американы ашкере улутчул, расист Ку-клукс-клан башкарат. Трамп дагы алардан бири».

Мындай билдирүүнү Венесуэланын президенти Николас Мадуро BBCге берген маегинде айтты.

Анын айтымында, Трамп Венесуэланы жек көрөт, аны өз колуна алуу учүн ар түрдүү чагымдарды уюштурууда. Өлкөдө согуш отун тутантып, Венесуэланын өздүгүнөн ажыратууну көздөөдө.

Ошондой эле ал Вашингтон бул кылгандарын туура көрсөтүп көз боёо үчүн гуманитардык жардамдарды жиберип жатканын билдирди.

Мадуро Венесуэланын жарандарынын барын камсыздай ала турган мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи.

«Эч кимге тилемчилик кылууга негиз жок»,-деди ал.

Эске салсак, АКШ Мадуронун президент болуп шайланышын мыйзамсыз деп, өткөн жылдан бери ага карата ар түрдүү чектөөлөрдү коюп келет. Жылдын башында болсо парламенттин спикери Хуан Гуайдону президент деп алгачкылардан болуп кабыл алган. Гуманитардык кризисти жуйө кылып ири көлмдөгү азык-түлуктөрдү жибергени менен  аларды Мадуро өлкөгө киргизбей турат.

Copyright © 2017 Maral FM