Биз менен байланышыңыз

Гуайдо каршылык акциясынын мөөнөтүн жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 760 | 0

Венесуэла оппозициясы 24-октябрда Сулия штатында нааразычылык акциясын өткөрөт. Бул тууралуу оппозиционер Хуан Гуайдо Union радиосуна берген маегинде айтты.

«Өзгөрүүнү каалаган элдин талабын аткарышыбыз керек. 24-октябрда биз, депутаттар элди коргоо үчүн көчөгө чыгабыз», — деди саясатчы.

Сулия штатындагы калк эң көп  жайгашкан Маракайбо шаарында узак убакыттан бери суу, электр жарыгынын жетишсиздиги көйгөй жаратып келет.

Эске салсак, буга чейин 4 ирет электр энергиясы өчүп, Каракас шаарынын тургундары бир топ убакытка караңгылыкта калган болчу. Анын кесепетинен метролор ишин токтоткон. Мобилдик байланышта да көйгөйлөр жаралган. Венесуэланын тургундары терминалдар иштебей жаткандыктан каржылык каатчылык пайда болуп, тамак-аш сатып алууда кыйынчылык жаралганын социалдык тармактарга жазган.


Венесуэла кайрадан жарыксыз калды

АКШ гуманитардык жардамдын акчасын Венесуэланын оппозициясын колдоого жумшайт


Кошумчалай кетсек, Венесуэлада жыл башынан бери кош бийлик өкүм сүрүүдө. Өзүн утурумдук президент деп жарыялап алган оппозиция лидери Хуан Гуайдону АКШ баш болгон 50дөн ашуун мамлекет колдосо, азыркы президент Николас Мадурону Орусия, Кытай, Түркия сыяктуу чоң өлкөлөр колдоп келет. Эки тарап тынчтыкка келүү үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзгөнү менен азырынча оң жыйынтык байкала элек.

Copyright © 2017 Maral FM