Биз менен байланышыңыз

АКШ гуманитардык жардамдын акчасын Венесуэланын оппозициясын колдоого жумшайт

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 672 | 0

АКШ Борбор Америкага гуманитардык жардам иретинде берилүүчү 42 миллион доллар акча каражатын Венесуэладагы оппозицияны колдоого жумшайт. Бул тууралуу Los Angeles Times басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, бул каражат мыйзамсыз миграция менен күрөшүү максатында Гватемала жана Гондурас өлкөлөрүнө берилмек. Бул өлкөлөрдө Америкага кетүүнү каалагандар көп. Алардын качышына өлкөдөгү жакырчылык жана кыйноо себеп болууда.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп эгер жергиликтүү бийлик жапырт миграция агымын токтотпосо, жардам берилбей турганын эскерткен.

Кошумчалай кетсек, Венесуэлада жыл башынан бери кош бийлик өкүм сүрүүдө. Өзүн утурумдук президент деп жарыялап алган оппозиция лидери Хуан Гуайдону АКШ баш болгон 50дөн ашуун мамлекет колдосо, азыркы президент Николас Мадурону Орусия, Кытай, Түркия сыяктуу чоң өлкөлөр колдоп келет.

Венесуэла бийлиги менен оппозиция акыркы жолу 8-9-июлда Норвегия бийлигинин ортомчулугунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, ийгиликтүү аяктаганын билдиришкен. Бирок жыйынтыктуу эч нерсе байкалбаганын эл аралык маалымат каражаттары белгилеп келет.

Copyright © 2017 Maral FM