Биз менен байланышыңыз

Акаев чет элдиктер патент менен иштөөсүн сунуштады

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 667 | 0

Кыргызстанда эмгектенип жүргөн чет элдик жарандар айына 500 же 1000 сомго патент алып иштеши керек. Мындай сунушту депутат Жанар Акаев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын пикиринде, мындай чара бюджетке чоң каражат алып келет. Кыргыз мигранттары мекенине жылына 2 млрд ашык акча которот. Бирок которулган акчаны кошуна өлкөнүн жарандары алып чыгып кетүүдө. Мунун себеби алар патент алып иштебей жатат. Ушул мыйзамды өзгөртүш керек.

«Өкмөт кошуна өлкөнүн жарандары Кыргызстанга келип, айына 500 же 1000 сомго патент алып иштей турган кылышы керек. Жылына бюджетке миллиардга жакын акча түшөт. Бул бюджетке чоң салым. Азыр ал акча түшпөй атат. Чет элдик мигранттар патент төлөбөй, бюджетке салымы жок. Алар ИИМдин 10-бөлүмдүн кызматкерлерин байытып атат. Алар төлөгөн акча сол чөнтөккө кетип жатат. 10 миңдеген жарандар келип атканда, ошолорду бир системага салып, акчасын бюджетке түздөн түз түшө турган кылбаса болбойт«, — деди Акаев.

Ал эми ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов эл өкүлүнүн сунушун колдоп, тиешелүү министрликтер мыйзамга өзгөртүү киргизиши керектигин айтты.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM