Биз менен байланышыңыз

Си Цзиньпин америкалык министрлер менен жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 593 | 0

Кытайдын президенти Си Цзиньпин Пекинде соода мамилелери боюнча сүйлөшүүлөрдө жүргөн Американын Эл аралык соода министри Роберт Лайтхайзер жана Финансы министри Стивен Мнучин менен жолугушат. Бул тууралуу кытайлык басылмлар жазышты.

Маалыматка ылайык, Кытай-АКШ сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги этабы пекинде 14-15-февралда өтөт. Американын делегациясы дүйшөмбү күнү Пекинге келип түшкөн.

Бул сүйлөшүү американын санкцияларга мораторийинин бүтүшүнө эки апта калганда жүрүүдө.

Эске салсак, президент Трамп кытайлык товарларга бажы алымынын наркын 1-мартка чейин көтөрбөсүн убадалаган. Бул аралыкта эки тарап оң натыйжаларга алып келчү макулдашууларга жетише албаса, санкциялар кайрадан башталат.

Copyright © 2017 Maral FM