Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Келечек» конушундагы өрттө түтүнгө ууланган балдарды көрүп келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, вице-премьер балдардын ден-соолугун сурап, ал үй-бүлөгө материалдык жардам жана балдарына жөлөк пул алууга көмөк болорун айткан. Ошондой эле ал, балдарды күнү-түнү кароого алуу керектигин белгилеген.
Өрттө Таштанбековдордун үй-бүлөсү жашаган турак-үй толугу менен күйүп, үйдөгү үч бала иске ууланган. Учурда алар 3-балдар ооруканасында жатышат.