Биз менен байланышыңыз

Американын мамлекеттик карызы рекорддук чеккке жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 855 | 0

АКШнын мамлекеттик карызы 22 триллион доллар болуп, тарыхтагы рекорддук чекке жеткен. Бул тууралуу өлкөнүн Финансы министрлиги жарыялады.

Маалыматка ылайык, учурдагы президент Дональд Трамптын учурунда карыз кескин өсүп кетти. Өзгөчө өткөн жылдагы салык реформасы мамлекеттик казынаны 1,5 триллион долларлык кирешеден куру калтырса, согуштук куралдарга жана коргонууга ашыкча каражаттын жумшалышы Кошмо штаттардын финансы тармагын кыйынчылыкка кептеди.

Ошондой эле адистер бул сан 2019-жылдын алгачкы эки айында 90 миллиард долларга көбөйөрүн белгилешүүдө.

Буга чейин 2018-жылдын бюджети 17% б.а. 779 миллиард доллар дефицит менен башталган болчу. Бул алдыдагы жылга триллиондон өтөрү, ал эми мамлекеттик карыз тездикте өсө берери эскертилүүдө. Анткени өкмөттүн чыгашаларын көзөмөлдөгөн жан жок дешет алар.

 

Copyright © 2017 Maral FM