Бүгүн 12-февралда, Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атайлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Бишкек-Ош унаа жолунун 222-223-чакырымдарында кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери жүрдү. Атып түшүрүүнүн натыйжасында жалпысынан 42 000 метр куб кар көчкү түшкөн.
Кар көчкүлөрдү мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларына байланыштуу жолдор убактылуу токтотулду.
Иш-чара эртең 13-февраль күнү улантылат.