Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолунда кар көчкүлөр атып түшүрүлүүдө

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 538 | 0

Бүгүн 12-февралда, Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрдү атайлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бишкек-Ош унаа жолунун 222-223-чакырымдарында кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери жүрдү. Атып түшүрүүнүн натыйжасында жалпысынан 42 000 метр куб кар көчкү түшкөн.

Кар көчкүлөрдү мажбурлап атып түшүрүү иш-чараларына байланыштуу жолдор убактылуу токтотулду.

Иш-чара эртең 13-февраль күнү улантылат.

 

Copyright © 2017 Maral FM