Биз менен байланышыңыз

Венгрияда көп балалуу энелер салыктан бошотулат

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 667 | 0

Венгрияда көп балалуу энелер салыктан бошотулат. Бул тууралуу Венгрия премьер-министри Виктор Орбан кабарлады. Анда көп балалуу үй-бүлөлөргө жаңы салык жана карыз боюнча жеңилдиктер каралды. Бул тууралуу “Reuters” сайты жазып чыкты.

Бийлик 2019-жылкы бюджеттин эсебинен жаңы социалдык программаны каржылоону пландоодо.

Орбан белгилегендей, Европада наристенин төрөлүшү жылдан-жылга азайып барат, ал эми Батыштагы төрөттүн кыскаруусу миграция болуп саналат.

“Венгерлер андай ойлобойт. Бизге сан керек эмес. Бизге венгер балдардын өсүүсү маанилүү”,- деп кошумчалады премьер-министр.

Төрөт боюнча күрөшүү негизинде Венргрия экиден көп балалуу болгондорго турак-жай, автоунаа сатып алуусу үчүн жеңилдетилген насыя берүү каралган. Андан сырткары венгер бийлиги төрттөн көп бала тарбиялаган энелерди салыктан бошотууну пландоодо.

Премьер-министрдин билдирүүсү боюнча, 40 жашка чейин турмуш курган айымдар 10 миллион форинт (36 миң доллар) өлчөмүндөгү жардам насыясын ала алат. Акчанын үчтөн бир бөлүгү экинчи бала төрөлгөндөн кийин кечирилет. Ал эми үчүнчү бала төрөлгөн соң насыя толук бойдон жокко чыгарылат.

Copyright © 2017 Maral FM