Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевдин издөөдө жүргөн унаасы табылды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.
Башкармалыктан билдиришкендей Токмок шаарынын милиция кызматкерлери «1200 ST» мамлекеттик номурдагы «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Текшерүүгө алган кезде аталган номур эл өкүлүнө тийиштүү делген «Тойота-Лендкрузер» унаасыныкы болуп чыккан.
Унаанын айдоочусу номуру жасалма экенин мойнуна алган, жеринде протокол толтурулуп 5,5 миң сом айып пул салынды.
Эске салсак, 31-январда Урмат Самаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине жасалма номер менен жүргөнүн, өзү билген эместигин айткан.
Соңку бир аптадан бери унаа издөөдө жүргөн.