Биз менен байланышыңыз

Миграция кызматы мигранттардын өмүрүн милдеттүү камсыздандырууну сунуштады

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 543 | 0

Мамлекеттик миграция кызматы мигранттардын өмүрүн милдеттүү камсыздандыруу сунушун берди. Бул тууралуу аталган кызматтын ички миграция жана диаспоралар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев айтты.

Анын белгилешинче, буга чейин Орусиядагы диаспоралар жана эксперттер менен кеңешип, эл аралык тажырыйбаны карап чыгышкан.

-Чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыкты өлкөгө алып келүүгө кеткен каражат жыл сайын маселе болуп келет. Бул жаатта колдоо максатында мамлекет тарабынан компенсация төлөөнү киргизгенбиз. Кыргызстан – сыртта каза болгон мекендештерин алып келүүгө кенемде төлөп берген жалгыз өлкө. Ар бир каза болгон жаран үчүн 50 миң сом өлчөмүндө каражат бөлөт.

Шамшиевдин белгилешинче, бул сумма сөөктү алып келүүдөгү бардык чыгымды жаба албайт. Орусиянын алыскы аймактарында болсо, чыгаша өсөт. Ошол себептүү Миграция кызматы милдеттүү камсыздандырууну киргизүү сунушун берүүдө.

-Бул учурдагы мыйзамда каралган эмес. Камсыздандыруу бюджетти толтурууга эмес, чет жерде каза болгон жаранды алып келүүгө жана жерге берүүгө жумшалат. Биз бир канча камсыздандыруу компаниялары менен жолугуштук. Аларга ар бир жаран үчүн камсыздандыруу жылына 300 сомдон ашпасын деген сунушту бердик. Бир төлөп берүү 200 миң сомду түзөт.

Кошумчалай кетсек, мындай сунушту буга чейин “Замандаш” партиясы да көтөрүп чыккан. Ал үчүн сырттагы мекендештер кол чогултуп жатканын партиянын төрагасы Жеңиш Молдокматов “Марал” радиосуна билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM