Биз менен байланышыңыз

Гуайдо алгачкы гумжардам берилерин жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 546 | 0

Венесуэланын парламентинин спикери, өзүн президент деп жарыялаган Хуан Гуайдо жарандарга берилчү алгачкы гуманитардык жардам даярдалганын маалымдады.

Ал өзүнүн Твиттер баракчасынан билдиргенине карганда, ири көлөмдөгү биологиялык кошулмалар жана азыктар өзгөчө жаш балдар менен кош бойлууларга ылайыкталган.

Өлкөнүн расмий бийлиги тыюу салып, өлкөгө киргизбей жаткан гумжардам кандайча киргизилгенин Гуайдо ачыктаган жок. Кээ бир маалымат булактары алардын Гуайдого чейин эле мамлекеттик кызматтар аркылуу ар түрдүү фонддордон чогултулган азыктар экенин жазышууда.

Оппозициянын айтымында, 14-февралда АКШнын Вашингтон шаарында Венесуэлага гуманитардык жардам топтоо боюнча эл аралык конференция өтөт.

Гуайдо буга чейин жарыялагандай, өлкөгө келчү азык-түлүк жардамдары үч жерге: Колумбия менен чектешкен Кукута аймагына, коңшу Бразилияда жана Кариб деңизиндеги бир аралга топтолмок.

Анткен менен расмий президент Николас Мадуро Гуайдонун бул аракеттерин шоу деп баалап, чет өлкөдөн келчү гумжардамдар өлкөдө башаламандыкты тутантуу учүн шылтоо экенин айтып, киргизүүгө тыюу салган. Учурда Кукута аймагына келген гумжардамдар вагондордо күтүп турат.

Copyright © 2017 Maral FM