Биз менен байланышыңыз

Афробиримдик Ливияда бирдиктүү бийликти орнотот

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 618 | 0

Африка континентинин 55 мамлекети кирген Афробиримдик Эфиопиянын Аддис-Абэба шаарында өткөн саммитте Ливиянын жагдайын карашты. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, биримдик Ливияда тынчтык абалын орнотуу менен бирдиктүү президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштаган резолюциясын жарыялады.

Ливияда 2011-жылы өлкөнү 40 жылдан ашуун убакыттан бери башкарып келген Муаммар Каддафинин кулатылышынан бери саясий кризиске кептелип, учурда кош бийлик өкүм сүрөт. Ливиянын чыгыш тарабын жалпы элдик добуш берүү менен шайланган парламент башкарса, батыш жагын Европа жана БУУ түзгөн өкмөт башкарат.

Саммиттин чечимине ылайык 2019-жылдын биринчи жарымында өлкөдө тынчтык келишимин түзүү боюнча конференция өтүп, экинчи жарымында бирдиктүү башкаруу системасын курууу керек.

Эске салсак, 2011-жылдагы Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн каптаган «жоогазын төңкөрүшү» Ливияга да эпкинин тийгизип, Муаммар Каддафи бийликтен кеткен. Ошондон бери өлкөнүн экономикалык абалы начарлап, жарандар эки жээк болуп согушуп келишет.

Copyright © 2017 Maral FM