Биз менен байланышыңыз

Токио Сеулга таарынычын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 475 | 0

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ парламентте сүйлөгөн сөзүндө Түштүк Кореяга капачылыгын билдирген кайрылуу жасаганын билдирди. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Маалымамтка ылайык, Түштүк Кореянын парламенти-Улуттук Жыйындын төрагасы Мун Хи Сан Япониянын императору Акихито тууралуу орунсуз сөздөрдү айткан.

Синдзо Абэ: «Корея бийлигин урматтуу императорубуздун нааразылыгын жарата турган мындай сөзүн кайра алып, кечирим суроосун талап кылабыз»,-деди.

Эске салсак, император Акихито жашы жетип, өз милдетин жетиштүү аткара албай жатам деген жүйө менен императорлук вазыйпаны уулуна май айында өткөрүп берерин жарыялаган. Японияда император элдин биримдиги жана улуттук баалуулуктардын сакталышын камыздаган макам болуп саналып, саясий иштер менен чечимдерге аралашпайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM