Биз менен байланышыңыз

​Гүлен: Эрдоган «Хизмет» кыймылын тандап алды…

Блог | 12 Фев 2019 | 2179 | 0

Түрк аалымы жана “Хизмет” кыймылынын негиздөөчүсү Фетхуллах Гүлен Орусиянын REGNUM маалымат агенттигинин башкы редактору Модест Колеровдун суроолоруна жооп берди.

REGNUM МА: Урматтуу Фетхуллах Гүлен мырза, сиз АКШ менен Түркия бийлиги жолуккан сайын талкууга алынган киши болуп калдыңыз. Түрк өкмөтү сизди кайтарып берүүнү талап кылып келет. Өткөрүп берүү мүмкүндүгүнөн тынчсызданган жоксузбу? Сиз көчүп барууга башка өлкө караштырдыңызбы? Түрк өкмөтү сиз боюнча эмнеге мынча көшөрдү?

Гүлен: Мен Түркияга өткөрүп берүү жагынан өзүм үчүн тынчсызданган жокмун. Мен акыркы суумду ичип атам жана бул жерде, же Түркияда, же башка жерде өлөм. Менин түбөлүк жашоодо ийгиликтүү болуу жана Жараткандын ыраазылыгына жетүүгө колумдан келишинче аракет кылуудан башка оюм болгон эмес.

Мен бул жерде 20 жылга жакын туруп калдым. Ушул мөөнөттүн ичинде азыр жашап жаткан чакан айылдагы кошуналарым менен мамлекеттик уюмдардан урмат-сыйдан башка эч нерсе көргөнүм жок. Башка жакка көчүп кетүү оюмда деле жок. Мен Америка өкмөтү түрк бийлигинин талабы боюнча жарандарды өткөрүп берүү келишимине ылайык, мыйзамдын талаптарынын алкагында зарыл нерсенин баарын аткарат деп ишенем.

Эрдогандын өкмөтүнүн көшөргөнүнө келсек, бул маселе ички саясий эсеп-кысаптар менен байланыштуу деген ойдомун. Аларга бийликтин эки тизгин бир чылбырын бир кишинин колуна бериш үчүн бирөөнү курмандыкка чалыш керек болгон. Ал үчүн “Хизмет” кыймылын тандашты. Учурда алар бардык иштерди бул багытка буруу аракетинде.

2013-жылдын декабрына чейин (Эрдоган менен төрт министри миллиарддаган доллардык паракорлукта айыпталган учур – автор) бийликтеги партиянын өкүлдөрү “Хизмет” кыймылына ыраазылык билдирүүдө жарышып келишкен. 2014-жылдан тартып 180 градуска бурулуп, аны жек көрүү сөздөрү менен жерип, мамлекеттик бийликтин күчү менен кысууга өткөн. “Хизметтин” миллиондогон тарапкери бир убакта өзгөрүп кетпегенине караганда, демек, алар өзгөрдү. Алардын мындай мамилеси белгилүү бир саясий мерчемди көздөөгө байланыштуу деген ойдомун.

REGNUM МА: “Хизмет” кыймылы орусиялык учакты (Сирия. 2015-жыл, 24-ноябрь – автор) атып түшүрүү жана Карловду (Түркиядагы орус элчиси) өлтүрүүгө тиешеси бар деп айтылып келет. Бул эки окуя Түркия менен Орусинын алакасындагы маанилүү этаптар. Бул айыптоолорго эмне демекчисиз?

Гүлен: Эки айыптоону тең башынан бери четке какканымды башынан айтайын. Бул – жооп берүүгө татыбаган уятсыз жалаа. Мен Орусия элине элчи Карловдун өлтүрүлүүсүнө тиешелүү видео-кайрылуумду жайгаштыргам. Азыр да кайгыларын тең бөлүшөрүмдү айта кетейин. Бул мыкаачылыкка дагы бир ирет наалат айтам.

Эрдогандын өкмөтүнүн бул кылмышты “Хизмет” кыймылына төңкөө аракети ачуу жылмаюуга гана татыйт. Коопсуздук чараларындагы тешиктерди тергеп, жоопкерчиликти алуунун ордуна, алар муну башкаларга төңкөө аракетинде.

Орусиялык учактын атылуусуна келсек, мен орусиялык илимпоз, профессор Наумкин менен жолукканымда бул ишти чоң ката деп, Түркия менен Орусиянын алакалары өтө маанилүү, аларды сактап калуу керек дегем. Бул окуя тууралуу ал кездеги премьер-министр (Ахмед Давутоглу – автор) буйрукту жеке өзү бергенин жар салган. Президент Эрдоган болсо: “Дагы бир жолу бузушса, дагы атып түшүрөбүз”, — деген. Орусиядан катуу жооптор келгенде, буга чейинки сөздөр болбогон сыяктуу, кайра эле курмандык катары тандалган “Хизмет” кыймылына төңкөгөнгө аракеттенишкен.

Түрк армиясы бекем тартиби менен дүйнөгө таанылган. Башка өлкөнүн учагына каршы конфликтке баруу маселесинде буйрук чынжыры менен протоколдор бар. Ал күнү тартип бузулганы күмөн. Кыскасы, дүйнөдө акыл калчаган бир да киши буга ишениши кыйын.

REGNUM МА: Түркия катышкан Жакынкы Чыгыштагы окуяларда прогресс байкалганы менен катаалдыктар жок эмес. Сиздин оюңуз боюнча, Жакынкы Чыгышта, айрыкча Сирияда тынчтык кантип орнойт?

Гүлен: Көп жыл мурун мага келген бийликтеги Адилет жана өнүгүү партиясынын (АӨП) министрлерине өз пикиримди айткам. Анда Сириянын өз каалоосу менен ырааттуу демократиялашуусуна көмөк көрсөтүү керек дегем. Асаддын дагы бир, балким эки мөөнөт бийликте калуусун саясий жана материалдык жактан колдоп, Сириянын көп мамлекеттин катышуусу менен заман талабына ылайык жолго түшүүсүнө көмөктөшүү зарыл дегем. Күрд, түркмөн, араб, нусайрилер, христиандар жана башка топтор өзүнүн талабын жеткире алган, алар катыша алган административдик чөйрө түзүлүүсү шарт эле. Баарына бирдей укук берилсе болмок…

Өкүнүчтүүсү, алар менин оюма, кыскача айтканда, “Сен бул маселени түшүнүшүң кыйын. Мечиттин имамы менен да кеңешмек белек» дегендей мамиле кылышты.

Учурда бул маселе ого бетер татаалдашты. Бир нече көйгөйлөрдө Орусия чечкиндүү орун алды. Келечекте Орусия менен Америка келишимге келип, көп улуттуу, Сириянын бардык элдерин камтыган башкарууну колдоп, жоготуу менен өлүмдүн алдын алса болот эле.

Сирия тууралуу айткандарым бир нече өзгөчөлүктөрү менен региондун өлкөлөрүнүн көбүнө тиешелүү. Ушул эле элдер жашаган өлкөлөр үчүн узак мөөнөттүү чечимдерге: алардын баары башкарууга катышып жатканын сезген системаны жүзөгө ашыруу, динине, этникалык тобуна карабай, негизги укук менен эркиндиктер таанылышы кирет.

Маектин түп нускасы бул жерде.

Которгон: Эсен Өмүракунов

Copyright © 2017 Maral FM