Биз менен байланышыңыз

Фетхуллах Гүлен: Калпты калдыр-кулдур шаң коштосо, чындыкты жымжырттык коштойт

Блог | 7 Апр 2019 | 2091 | 0

Эгер баштаган ишиң адегенде уудай ачуу болсо, акыры ал таттуу балга айланат, мына ушунун өзү — сөзсүз, чыдамкайлык.

*       *       *

Чыдамкайлык – бийиктеги адамдын туруктуу абалы.

*       *       *

Чыдамкайлык менен ийгилик экөө эки башка болсо да, арийне, экөөнү бири-биринен ажырагыс эгиз десек болот.

*       *       *

Чыдамкайлык менен этияттык – көздөгөн тилегиңе жеткире турган жолдун эң мыктысы.

*       *       *

Бекемдиктен өткөн бийик намыс болбойт!

*       *       *

Сенин жолуң айныксыз туура кезинде, начар адам сага кылчалык да кыянат кылбайт.

*       *       *

Майда көрүнүшкө маани берүү – майда адамдын иши.

*       *       *

Менменсинген адамдарды турмуштун тегирмени майда улпакка айлантып коёт.

*       *       *

Чыныгы кожоюнсуз буюмга ар ким ээлик кыла берет.

*       *       *

Шыбыр-күбүр кептер кийимге жуккан күбө сыяктанып, адамды акырындап жей берет.

*       *       *

Калпты калдыр-кулдур шаң коштосо, чындыкты жымжырттык коштойт.

*       *       *

Көз жаш – бул, жүрөктө толгонгон сезим күүсү.

*       *       *

Компасы жок кораблдин барар жери – деңиздин түбү.

*       *       *

Кекирейген адамдардын жүрөгүндө ишенимдин тактысы бекем болбойт.

*       *       *

Ичиң өрттөнүп жатса да, тилди тишке каткандан өткөн жан чыдаткыс оору жок.

*       *       *

Чындык – жалгыз; эгер адамдарды андан ажыратса, алар түрдүү түстүн арасында адаша берет.

Орусчадан которгон: Олжобай ШАКИР

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM