Биз менен байланышыңыз

Трамптын кеңешчиси Гүленди уурдоо аракетине жардам бергенин моюнуна алды

Дүйнө | 8 Дек 2018 | 1345 | 0

АКШ президенти  Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурунку кеңешчиси Майкл Флин түрк бийлигинин Фетхуллах Гүленди Америкадан уурдап кетүү аракетине жардам бергенин моюнуна алды. Бул тууралуу атайын прокурор Роберт Мюллердин билдирүүсүнө таянып эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Мюллер иликтөөдөн кийин тергөөгө сунган документте Майкл Флин Түркиянын жогорку макамдагы чиновниктери менен жолугуп, сүйлөшкөнүн, аалымды өткөрүп берүү үчүн макулдашканын жана бул үчүн ага 15 миллион доллар сунушталганын моюнуна алганы билдирилген.

Ошондой эле  документте федералдык прокурорлор Флин ошол учурда Түркиянын кызыкчылыгына бир катар кайрылууларды жасап, бирок аны өзүнүн позициясы катары белгилегени жана расмий Анкара менен Америкада мыйзамдуу түрдө жашап жаткан дин ишмерин берүү тууралуу макулдашканын жашырганы коомчулуктун Эрдоган-Гүлен маселесин туура эмес түшүнүүсүнө алып келгенин белгилешкен.

Тактап айтканда Майкл Флин 2016-жылы «Түркиядагы төңкөрүш аракети боюнча Анкаранын позициясын колдойбуз», «Түркия кризисте, саясий өнөктөшү катары Американын колдоосуна муктаж» жана «Ф.Гүлен либерал исламчы сыяктуу көрүнгөнү менен адамзат үчүн өтө коркунучтуу радикал динчи» сыяктуу кайрылууларды жасап, бирок мунун Анкаранын буюртмасы экенин жашырган.

Президент Трамп болсо Гүленди өткөрүп берүү ишин азырынча карабай турганын, бирок бул маселеге кийин сөзсүз кайтарын билдирген.

Эске салсак, 2016-жылы ноябрь айында Американын Пенсильвания шаарында жашаган дин аалымы Фетхуллах Гүленди качыруу аракети болгонун басылмалар жазышкан. Буга Трамптын ошол кездеги кеңешчиси Флиндин катыштыгы бар экени айтылган. Бирок маалыматты Майкл Флин төгүндөп, Юстиция министрлигине берген түшүндүрмөсүндө түркиялык чиновниктер менен байланышы жок экенин бекемдеген. Андан эки ай өтпөй Флинге Америкадагы орус элчиси Сергей Кисляк менен жолугуп сүйлөшкөнүн жашырганы үчүн кылмыш иши козголуп, кызматтан кеткен.

2016-жылкы Америкадагы президенттик шайлоого Орусия тараптан интернет чабуулдары (киберчабуул) аркылуу кийлигишүү болгонун Юстиция министрлиги жана парламенттеги демократтар айтып келишет. Бул маселени териштирүү максатында алар АКШнын  мурунку башкы чалгынчысы 74 жаштагы генерал Роберт Мюллерди атайын прокурор кылып дайындашкан.

Роберт Мюллер  2016-жылкы шайлоонун алдында президент Трамптын шайлоо кампаниясын жетектеген Майкл Флинди бутага алып, аны менен 19 жолу көрүштү. Анткени дал ошол Флин Орусиянын Америкадагы элчиси Сергей Кисляк менен бир нече жолу жолугушкан. Трамп дагы, Кремль дагы канчалык четке какпасын 2016-жылкы шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү Трамптын кызыкчылыгына болгонун Мюллердин тергөө иштери тастыктоодо.

Кошумчалай кетсек, Флиндин тергөө ишинин жыйынтыгы 18-декабрда чыгып, анын жазасы угузулат. Бирок прокурор Мюллер соттон Флинге түрмө жазасын эмес, жеңил жазанын түрүн берүүсүн өтүндү. Муну ал шектүүнүн тергөө ишине жардам берип, буга чейин жашырып келген Орусия жана Түркия менен байланыштарын ачык айтып бергени менен түшүндүрдү.

Copyright © 2017 Maral FM