Биз менен байланышыңыз

«Замандаш» мигранттардын өмүрүн милдеттүү камсыздандырууга каршы

Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 613 | 0

Кыргызстандыктардын эл аралык конгресси жана мекендештердин “Замандаш” ассоциациясы өлкөдөн чыгып жаткан кыргызстандыктардын өмүрүн милдеттүү түрдө 300 сомго камсыздандыруу полисин киргизүү боюнча демилгеге каршы. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык аталган ассоциация кыргызстандыктардын өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандыруу демилгесине каршы экендигин билдирип, төмөнкүдөй негиздерди көрсөтүшкөн.

Биринчиден, камсыздандыруу полисинин наркы 300 сом болсун деген сунуш эмненин негизинде эсептелип чыкканы түшүнүксүз.

Экинчиден, акча төлөсө гана өлкөдөн чыгууга боло турган шартка мажбурлоо Конституциянын жана адам укуктарынын Бүткүл дүйнөлүк декларациясына карама-каршы келе турганын билдиришкен.

Мындан тышкары мигранттардын үй-бүлөлөрү жоготууга кабылган учурда аларга мамлекеттик жардам берүүнүн ыкчам жана жөнөкөй жолуна өтүүнү, мигранттарга компенсация төлөп берүүнүн суммасын көбөйтүүнү сунуш кылышкан.

Ошондой эле чет өлкөлөрдөгү мекендештерди жана кыргызстандыктарды мамлекеттик колдоо программасынын алкагында тиешелүү документ – “Мекен-кард” киргизилүүсүн да күтүп жаткандыктарын билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM