Биз менен байланышыңыз

Жайылда мас жигит тоңуп калды

Кыска кабар | 10 Фев 2019 | 809 | 0

Жайыл районунун Степное айылында 26 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Турмуш сайты кабарлады.

Маалыматка ылайык, жакында эле аскерде кызмат өтөп келген 26 жаштагы жигит достору менен туулган күн белгилеп, кафелердин биринде спирттик ичимдик ичишкен. Ортодо жаңжал чыгып, мас болгон жигит үстүнкү жана бут кийими жок үйүн көздөй кетип калган.

9-февралда эртең менен  үйүнө келбегенин билишкен соң аны издеп башташкан. Аны издөөгө айыл эли толугу менен катышкан. Кечинде гана кошуна айылдын четинен жансыз денесин табышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча ал тоңуп калган.

Учурда иликтөө иштери жүруп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM