Биз менен байланышыңыз

Украинанын чиркөөсүн Афон ибадатканасына киргизбей коюшту

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Фев 2019 | 521 | 0

Украинанын жаңы чиркөөсүнүн епископ Павел Юрист баш болгон делегациясын Афон тоосундагы ибадатканага киргизбей коюшту. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, дүйнөдөгү даражалуу 20 ибадаткананын ичине кирген Афонго украин делегациясы келгенде дарбазаларын жаап коюшкан.

Делегациянын айтымында алар бул чиркөөдө «ыйык кызматчы» боло алышпайт.

Эске салсак, 300 жыл бою орус проваслав чиркөөсүнө баш ийип келген украин чиркөөсү эки мамлекеттин ортосундагы саясий кризистен улам ушул жылдын башында Стамбулдагы Бүткүл дүйнөлүк православ чиркөө башчысы тарабынан өз алдынча болуп бөлүнгөн. Бул Москва баш болгон бир топ тараптардын нааразылыгын жараткан.

Copyright © 2017 Maral FM