Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандын так илимдер боюнча дүйнөдөгү жаңылыктардан кабары жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2019 | 1610 | 1

Дүйнөдө физика жана математика сабактары көп окутулууда. Алар жаратмандык менен кандайдыр бир нерсе өндүрүү табигый-так илимдерге байланыштуу экенин түшүндү. Ал эми Кыргызстанда аталган предметтердин саатын тескерисинче кыскартып жатат. Мындай пикирин физика-математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дүйнөдө так илимдер боюнча болуп көрбөгөндөй жаңылыктар болуп жатат. Бирок андан Кыргызстандын кабары жок. Алсак, Финляндия так илимдердин саатын өзгөртүүсүз калтырган. Ал эми Сингапурда физика-математика илимдери Кудайдан кийинки эле түшүнүк.

Осмоналиевдин пикиринде, Кыргызстан «Так илимдерди өнүктүрүүнүн кечиктирилгис чаралары» деген маселени коюп, өкмөттүн токтомунан тарта Коопсуздук Кеңешинин жыйынына чейин көтөрүшү шарт. Болбосо физика-математика илимдери жок болуп кетүүнүн алдында турат.

Мындан сырткары, Билим берүү жана илим министрлигинде мектептер боюнча башкармалыктарда табигий илимдерди окутуу боюнча атайын бөлүм ачуу зарыл.

«Эмне үчүн Билим берүү жана илим министрлиги акыркы 8 жылда физика сабагын 2 эсе кыскартты? Ал эми математика предмети 5 сааттан 3 саатка түшүрдү? Биотехнология, когнитивдик техологиянын баары кыргыздар үчүн жат нерсе болсун, кыргыз эли инженер болбосун, алар технология менен алектенбесин деп өлкөгө атайын сырттан диверсия болуп жатабы? Өлкөгө юристтерди толтуруп алуудан биз эмне утабыз? Университеттерде физика сабагы боюнча өмүрүндө бир жолу илимий макала жазбагандар лекция окуйм дейт. Өмүрүндө 5 албаган кызматкерлер физика мугалими болуп иштеп жатат. Улуттук университеттин физика-матиматика факультетинде нормалдуу иштеген аппарат жок, ал эч кимди ойлонтпойт», — дейт Осмоналиев.

Copyright © 2017 Maral FM