Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков ТүркПАнын Башкы катчысы Мамаюсуповду кабыл алды

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 487 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-февралда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Алтынбек Мамаюсуповду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков Алтынбек Мамаюсуповду ТүркПАнын Башкы катчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Ал эми ТүркПА Башкы катчысы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык процессинде оң натыйжалар бар экендигин, парламенттик багыттарда иштер активдешкенин маалымдады.

-ТүркПАда 4 багыт боюнча комиссиянын иши активдүү жүрүүдө. Алар экономикалык, эл аралык, социалдык-гуманитардык, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстары.

Ушул эле күнү президент  Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин Башкы катчысын Багдад Амреевди кабыл алып, аталган кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ага ийгиликтерди жана жемиштүү ишмердүүлүктү каалады.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешине төрагалык кылуусу мезгилинде маанилүү иш чараларды өткөрүүнү пландаштырууда жана жакшы демилгелер менен сунуштар үчүн ачык.  Ошону менен бирге Жээнбеков экономикалык чөйрөдөгү кызматташтык маселесин алдыңкы планга чыгаруу зарылдыгын баса белгиледи.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM