Биз менен байланышыңыз

Төрага Дастанбек Жумабеков Бакуга жөнөп кетти

Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 883 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Азербайжандын борбор калаасы Баку шаарында өтө турган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын IX пленардык жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Дастанбек Жумабеков Ассамблея кеңешинин отурумуна, ошондой эле “Түрк дүйнөсүндөгү парламенттик дипломатия: Тынчтык жана коопсуздук боюнча аймактык кызматташтыкты бекемдөө” темасы боюнча пленардык жыйынга катышат.

Мындан тышкары, Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиянын отуруму да мерчемделген.

Белгилей кетсек, иш-чарага Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстан парламенттеринин жетекчилери да катышат.

Copyright © 2017 Maral FM