Биз менен байланышыңыз

Казакстандагы сууктан улам коомдук кыймыл токтоду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 799 | 0

Коңшу Казакстанда аба ырайы кескин сууп, коомдук кыймылды токтотту. Бул тууралуу Centralasian сайты жазды.

Маалыматка ылайык, катуу сууктан улам өлкөнүн Караганды, Павлодар, Кокшетау, Чыгыш-Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарындагы мектептерде сабактар токтотулду. Мындан тышкары 8-февралда Астанада коллеждердин биринчи курсунда окугандарга да сабакка келбей коюуга уруксат берилди.

Аба ырайына байланыштуу өлкөдөгү бир топ автоунаа жолдорунда кыймыл токтоду. «Казахавтодор» ишканасынын маалыматына караганда, Павлодар облусундагы жана Астанадан чыгуучу жолдордун баары жабылды. Чыгыш-Казакстан, Акмоло жана Түндүк Казакстан облустарында коомдук жана дизель менен жүргөн автоунаалар үчүн кыймыл чектелди.

Кошумчаласак, ушул жуманын башында Казгидромет чукул билдирүү таратып, өлкөнүн 10 облусунда катуу суук болуп, температура минус 45 градуска чейин жетиши мүмкүн экенин эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM