Биз менен байланышыңыз

Өткөн жылы инвестициянын көлөмү 31 пайызга азайган

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 532 | 0

Ушу тапта дүйнөдө түз инвестициялардын көлөмү түшүп жатат. Анын башкы сесбеби кирешелердин төмөндөшү менен айрым мамлекеттердин бири-бирине киргизген санкциялары болууда. Мисалы, өткөн жылы экономикасы өткөөл мезгилде турган өлкөлөргө инвестициялардын тартылышы 27 пайызга азайган. Мындай абалдан Кыргызстан да четте калган жок. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов КСДП фракциясынын жыйынында  билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын 9 айында Кыргызстанга инвестициянын келиши 344 млн долларды түзүп, андан мурдагы жылга салыштырмалуу 31,5 пайызга азайган. Ал ами ушул мезгилде Кытайдан 127 млн доллар келсе, КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестициялардын көлөмү 56 млн доллардын чегинде болду. Инвестициянын келишине жергиликтүү тургундардын инвесторлорго каршылык көрсөтүп жатышы, Бишкек ЖЭБи сындуу чуулгандуу соттук иштер да кошумча тоскоолдуктарды жаратып жатканын жашырууга болбойт.

Фракция башчысы Иса Өмүркулов министрди болбогон сөздү айта бербей, өткөн жылы Кыргызстанга канча инвестиция тартылганы, инвестиция тартуу жаатында кандай аракеттер жасалганы боюнча так маалымат берүүгө чакырды. «Сиз телеканалдан чыгып сүйлөп жаткан жериӊиз жок, бул жерде маселенин маӊызы тууралуу гана айтыӊыз. Мисалы, Кыргызстандын ЕАЭБ курамына киргенине 3 жылдан ашты, менимче, анын алкагында деле жарытылуу иш жасалган жок же жылыштар барбы?», — деди ал.

Экономика министри ушул мезгил аралыгында 244 ишкана түзүлүп, цемент, кыш, турмуш-тиричилик техникалары, май сындуу өнүмдөр өндүрүлө баштаганын билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM